• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 27 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 27 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 5, Ош шаарында 15, Нарын облусунда 7 медкызматкер илдетке кабылды.

"Ал эми сутка ичинде бейтапканалардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. Республика боюнча коронавирус жуктурган учурлардын саны 326га жетти. Алардын ичинен 247си айыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 28-майга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1594 учур катталды. Алардын ичинен 326сы медицина кызматкери. Илдеттен 1066 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий