• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттык сактоо министри Бейшеналиев COVID-19 илдетинен айыгып, ишке чыкты

COVID - 19 0

Бишке, 29.06.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы бүгүнкү күнгө карата канааттандырарлык, ПЧР анализинин жыйынтыгы терс болду, деп билдиришти министрликтен.

Белгиленгендей, министр ишке чыгып, жаңы ковиддик стационарларды ачуу иштери менен алектенүүдө. Эртең менен Суворов атындагы окуу жайдын жетекчилиги менен коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн орун даярдоо боюнча жолукту.

Улуттук госпиталга кошумча 120 орун, Суворов атындагы окуу жайга 200 орун, андан тышкары Курортология институтуна 200 орун жайгаштыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий