• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Акыркы суткада 69 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда 29-сентябрга карата коронавирус дагы 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 38, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 803 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 444 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 102 киши айыгып чыкса, 2 605 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий