• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медициналык кызматкерлерди ташууга атайын транспорт уюштурулат - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/. Медициналык кызматкерлерди ташууга атайын транспорт уюштурулат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата ыктыярдуу топ дарыгерлерди ооруканаларга жана медициналык мекемелерге жеткирүүдө.

“Эсебинде 25 унаасы бар Жаштар коому медкызматкерлерди ташуу менен алектенип жатат. Мындан тышкары, өзгөчө абал киргизилиши менен коменданттык саат киргизилет, ошого байланыштуу биз автобустарды же болбосо маршруткаларды тартуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз”,- деди ал.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий