• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавируска каршы жалпы 43 миң 127 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы жалпы 43 миң 127 адам эмделди. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 29-мартта Кытайдан “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасы, 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келген.

“Кечээ дагы “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келип түштү. Ал эми сутка ичинде жалпы 447 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен 335и вакцинанын биринчи дозасын, 112си экинчи дозасын алды. 11-майга карата өлкө боюнча жалпы 43 миң 127 адам эмделди. Анын ичинен 6 миң 10 жаранга вакцинанын экинчи дозасы сайылды”, - дейт ал.

Бектурганов Бишкек шаарында вакцина алуу үчүн пилоттук режимде электрондук кезек сиситемасы кирип жатканын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий