• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жунушалиев кыргыз-тажик чек арасында ок тийген жарандардын абалынан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 16.03.19. /Кабар/. Бүгүн 16-мартта Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев кыргыз-тажик чек арасында ок тийген жарандардын абалынан кабар алды.

Маалыматка ылайык, министр алардын ден-соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

"Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда оң бутуна ок жаңылган Баткен райондук милициясынын айдоочу-милиционери Ж.Улукбек да бар. Кашкар Жунушалиев: “Сиздердин тезинен сакайып, аман-эсен үйлөрүңөргө барышыңарга тилектешмин. Сиздердин тезирээк сакайып кетишиңерге бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”, - деди.

Пикир

Оставить комментарий