• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйыны болду

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. КР Юстиция министрлигинде ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын жыйыны өткөрүлдү.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомство аралык комиссиясынын кароосуна 12 ченемдик укуктук актылардын долбоорлору сунушталып, анын ичинен 7 ченемдик укуктук актынын долбоору жактырылды.

Белгилей кетсек, КР өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 265 токтому менен бекитилген Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобо менен аткаруу бийлигинин мыйзамдарды инвентаризациялоо иши жөнгө салынганын белгилейбиз.

Ошондой эле жогоруда аталган токтом менен КР аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары туруктуу негизде КР ченемдик укуктук актыларынын КР Конституциясына шайкештиги, маселенин укуктук жөнгө салуусунун толуктугу, маселенин ашыкча укуктук жөнгө салуусун аныктоо, аларда карама-каршылыктардын жана коллизиялардын жоктугу, коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушун жок кылуу боюнча талдоо жүргүзүшсүн тапшырма берилген. Жыйынтыгы боюнча кварталына бир жолудан кем эмес Комиссиянын кароосуна ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдар киргизүүгө милдеттүү.

Пикир

Оставить комментарий