• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кан рагы менен ооруган 8 айлык Айлин тез арада операцияга муктаж. Реквизиттер

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Кан рагы менен ооруган 8 айлык Айлин тез арада операцияга муктаж. Ал үчүн 100 миң доллар акча каражаты керектелет.

Айлиндин атасы Талант Сатыбалдиевдин айтымында, бөбөк 2019-жылдын 29-декабрында жарык дүйнөгө келген.

"Урматтуу агай-эже, достор, ини-карындаштар, фейсбукта катталуучусу көп достор, маданият өкүлдөрү, ырчылар, тамада, алып баруучулар сиздерден сураныч Айлин жаша хэштегин соцтармактарга жайылтып, төмөндөгү постту ар бириӊиздер бөлүшүп, кайрымдуулук иштерди көп кылган жакшы санаалаштарыӊыздар, досторуӊуздар болсо жардам сурап берсеӊиздер абдан чоӊ сооп кылат элеӊиздер. Айлин учурда Түркияда. Айлинди дарылоого 100 миң доллар керек болуп жатат. Кайрымдуу адамдардын жардамы менен 10 миң доллардан ашык каражат чогулуп, Айлин анализдерин тапшырып, алгачкы дарылоо курсун баштады. Калганын топтоо керек. Кызым аябай күчтүү экен, 40тан ашык химия алды, гормоналдык таблеткадан 300-400дү ичти окшойт, баарына моюн бербей күлүп жайнап кана отурат", - деп жазат Айлиндин атасы.

Жардам көрсөтүү булактары:

Demirbank: 1180000029245407 (сом менен);

1180000029245508 (доллар менен);

БИК 118005 Visa 4215 8901 3513 2709 Индира Сапанова

Элсом 0706090925 Талант Сатыбалдиев

6312909125 Zelle

Сбербанк 5469 4000 2123 2439 Асел Алмазовна

Пикир

Оставить комментарий