• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке Кытайдын Чэнду шаарынан биринчи учак келип конду

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бүгүн "Манас" эл аралык аэропортуна Чэнду-Бишкек-Чэнду багыты боюнча биринчи учак келип конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Аталган багыт боюнча каттамдарды кытайлык Loong Air авиакомпаниясы аткарууда. Азыркы учурда аталган авиакомпания Бишкек-Сиань багыты боюнча каттамдарды да аткарууда.

Бишкектен Чэнду шаарына каттамдар 12-декабрдан, 2024-жылдын 30-мартына чейин жумасына шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий