• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү — фоторепортаж

Маданият 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди.

Мааракелик салтанатка Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсү жана жакындары катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын кадырлуу коноктору катары “Чыңгыз Айтматов жана театр” эл аралык фестивалынын, “Биз бир кемедебиз” эл аралык форумунун катышуучулары, Кыргызстандагы бир катар элчилер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер чакырылды.

Иш-чара Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма менен башталып, андан соң театр ишмерлеринин катышуусунда даярдалган "Биз баарыбыз бир кайыктабыз" прологу көрсөтүлдү.

Расмий бөлүктү министр Алтынбек Максутов ачып, бардык катышуучуларды 12- декабрь — Улуттук адабият күнү жана заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салым кошкон Чыңгыз Айтматов мамлекеттин сыймыктуу уулу экенин белгиледи.

“Айтматов — доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү! Ал өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөртүп, элдин көз карашын, дүйнө тааным чабытын кеңейткени менен эсте калды. Мамлекет ар убакта заманыбыздын залкар талантын колдоп, анын көзү өтсө да, түбөлүктүү даңазалап келет.

Быйыл Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдык юбилейине даярдык көрүү жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси чыккан.

Мындай аракеттер жазуучунун өлбөс- өчпөс чыгармаларын, андагы гуманистик идеяларды жайылтуу, келечектеги муундарга жазуучунун көркөм мурастарын илимий жактан изилдөөгө, таанып билүүгө жана руханий-интеллектуалдык тажрыйба жана пикир алмашуу аянтчасын түзүүгө негиз берип келет.

Залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик маанилүү иш- чаралар жогорку деңгээлде белгиленип келе жатат. Бүгүнкү иш- чара ал иш- чаралардын жыйынтыктоочу бөлүгү.

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктап, бул майрам улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнө майрамы экенин белгилеп кетким келет.

Мамлекет өз инсанын кастарлап, даңазалап жана муундан – муунга жеткирүүгө болгон аракеттерин жумшайт”, - деп белгиледи.

Ал эми мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктосун жеткирди.

Анда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө таанылган талантын, тарыхты жараткан эл уулунун жаратмандыгын, бир катар чет өлкөлөдө жана Кыргызстандын бардык булуң бурчунда өтүп жаткан ири жана маанилүү иш-чараларды белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.

Салтанаттуу иш-чарада Чыңгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган ырлар, анын чыгармаларын негизинде коюлган тасмаларга арналган ырлар аткарылып, иш- чара Ч.Аймтовго арналган сүрөт көгөзмөсү менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий