• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көк-Арт өрөөнүндө кар калың жаап, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады

Аймак 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Арт өрөөнүндө кар калың жаап, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Энергетика минисрлиги кабарлайт.

Энергетиктер саат 07:00дөн тарта ар бир мамычаны текшерип, аба чубалгыларды карап, үзүлгөн зымдарын таап, улап жатышат.

"Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын эмгек жааматы мындай кырдаалда ыкчам иш алып барууда. Күндүн сууктугуна карабай, карды жиреп иштеп жаткан энергетиктердин максаты - калкты электр жарыгы менен камсыз кылуу", - деп баса белгилешти ведомстводон.

Жалал-Абад электр тармактар ишканасы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана тургундарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий