Бишкек, 19.03.20 /Кабар/. Бишкектеги ири базалар ишин токтотпойт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мэриядан билдиришти.
Мэриядан белгилешкендей, ири базаларда дезинфекциялоо иштери күчөтүлгөн түрдө жүргүзүлөт.
"Учурда "Орто-Сай" базарын дезинфекциялоого даярдык көрүлүүдө. Базар администрациясы жана ал жакта иштегендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти мэриядан.
Ошол эле учурда борбор калаадагы башаламан түзүлгөн жана чакан базалар жабылат.
Пикир
Оставить комментарий