• 88.68
  • 95
  • 0.95

Анкарада кыргыз павильону даярдалып, улуттук буюмдар жана тамак-аш тартууланды

Коом 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги 25-Эл аралык Анадолу күндөрү маданият жана искусство фестивалына катышууда. Иш-чара 1-10-сентябрь күндөрү өтүүдө. Иш-чара Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети тарабынан уюштурулган.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салттуу фестивалга катышуу үчүн элчилик көргөзмө павильонун даярдап, анда Кыргызстандын пейзаждарынын кооздугун чагылдырган фотосүрөттөр, "Манас" эпосунан фотокомпозициялар, ар кандай улуттук буюмдар, жана ошондой эле улуттук тамак-аш тартууланды.

Фестивалдын үчүнчү күнү Кыргызстанга арналып, анын алкагында Кыргызстандан жана Анкарада жашаган мекендештер тарабынан кыргыздын рухун жана тарыхын чагылдырган театралдык, музыкалык жана бий номерлерин камтыган концерттик программа тартууланды.

Иш-чаранын башында расмий өкүлдөр жана фестивалдын коноктору Кыргызстан павильонуна барышты, ал эми иш-чаранын соңунда элчи Руслан Казакбаев менен Этимесгуттун мэри Энвер Демирел кеченин конокторуна кайрылуу жасашты.

Элчи Руслан Казакбаев мэр Энвер Демирелди жана ал жетектеген Этимесгуттун мэриясына боордош түрк тилдүү элдердин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдеген мындай иш-чараны уюштуруп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы терең тарыхый жана маданий байланыштарга таянып, иш-чаранын бардык конокторун Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Иш-чарага Түркиянын борборунун тургундары жана коноктору, Түркиянын башка шаарларынын жана ар кандай уюмдардын жетекчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана Түркияда жашаган Кыргызстандын жарандары менен 25 миңге жакын адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий