• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орок айылында топтолгон эл жок, абал туруктуу – милиция

Коом 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында абал туруктуу. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалыктан билдиришкендей, ал жакта милиция кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп, тартипти карашууда.

"Жергиликтүү ММКларда Чүй облусунун Сокулук районундагы Орок айылында эл чогула баштады деген маалыматтар чыгууда. Бул туура эмес маалымат. Себеби, бүгүнкү күнү айылда абал туруктуу жана топтолгон эл жок", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полку, Чүй ИИББнин, Сокулук райондук ИИБнин кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп, тартипти карашууда.

Пикир

Оставить комментарий