• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда соттолгондордун саны 8 миң 235 адамды түзөт

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда соттолгондордун саны 8 миң 235 адамды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Канатбек Сманалиев билдирди.

Сманалиев маалымдагандай, соттолгондордун ичинен 4 миң 688и түзөтүү мекемелеринде, 1 миң 817си түзөтүү колонияларында, алардын 937си издөөдө.

“СИЗОдо 1 миң 760 адам, анын 248 аял, 28и жашы жете элек өспүрүмдөр. Өспүрүмдөрдүн 14үнүн өкүмү чыга элек”, - дейт Сманалиев.

Пикир

Оставить комментарий