• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл 9 миң 228 жакка квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлдү — Юстиция министрлиги

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын тогуз айында 9 миң 228 жакка квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, жазык сот өндүрүш чөйрөсүндө көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын саны 7 миң 345 түздү.

undefined

“Алардын ичинен жазык иштери боюнча 5 миң 749, жоруктар боюнча 1 миң 596. Жарандык жана административдик сот өндүрүш чөйрөсүндө көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын саны 1 миң 883тү түздү, анын ичинен доогерлер 1 миң 738, жоопкерлер 145”, - дейт ал.

Сыдыков 10 адамга көрсөтүлгөн юридикалык жардамдын натыйжасында соттор актоо өкүмдөрүн чыгарганын кошумчалады.

“Тогуз айдын ичинде консультациялык-укуктук жардамдын алкагында 34 миң 421 укуктук кеңеш көрсөтүлгөн. Мында кайрылгандардын саны 33 миң 434 адамды түздү. Мындан сырткары, өлкө боюнча калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча 33 борбор иштөөдө”, - деп айтат министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий