• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция түзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

Инспекциянын кызматкерлерине ыйгарым укук берилип, алар транспорттун атмосфералык абага тийгизген таасирин, ошондой эле жарандар тарабынан булгоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, эрежелердин жана башка талаптардын сакталышын көзөмөлдөй алат.

Инспекторлорго атайын форма берилип, аларга 11 кызматтык электр унаасы алынган.

Тийиштүү чечим министрлер кабинети тарабынан 1-январда кабыл алынган. Белгиленгендей, пилоттук долбоор Бишкекте эки жылдын ичинде ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий