• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн “Аныткабыр”мавзолейине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы Түркиянын мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коюп, анын элесин эскерди.

Андан соң ардактуу меймандар китебине кол тамгасын калтырып, мавзолейди көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, “Аныткабыр” мавзолейи Мустафа Кемал Ататүрктүн урматына салынган жана ал мамлекеттин коргоосунда.

Пикир

Оставить комментарий