• 88.68
  • 95
  • 0.95

Рустам Канаев КР СӨПтүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) Рустам Канаевди Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Рустам Канаев 1989-жылдын 16-мартында туулган. Финансы жана экономика тармагында чоң тажрыйбага ээ.

Эмгек жолун Москва фондулук биржасында талдоочу болуп баштап, андан кийин "Эко Агро Сервис" ЖЧКсы жана "Регион Прогресс" ЖЧКсы сыяктуу компанияларда менеджер жана директор сыяктуу ар кандай кызматтарды аркалаган.

2022-жылдан бери Рустам Канаев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн коомдук башталышта экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси болуп иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий