• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

23-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 22.03.19. /Кабар/. Эртең, 23-мартта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Аэ эми күндүз

"Кыргызгидромет" борбору кабарлагандай, 23-мартта түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19, Таласта түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19 градус болот.

Ысык-Көл облусунда болсо түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15, ал эми Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19 градуска чейин жетет.

Эртең Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5 градус, күндүз 16…18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий