• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Германия Кыргызстандагы эмгек мигранттары үчүн иммиграцияга чейинки 10 окуу борборун жабдыйт

Коом 0

Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бавариянын экономика, жерди өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министрлигинин статс-катчысы Роланд Вайгерт башында турган бавариялык ишкер чөйрөлөрдүн делегациясы менен ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулады.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда министр кыргыз-герман кызматташтыгы эмгек, ишке орноштуруу, социалдык камсыздоо жана миграция тармагында көп жылдардан бери уланып келе жаткандыгын белгиледи.

Министрлик республиканын бардык региондорунда компетенцияларды валидациялоо, сертификациялоо, эмгек мигранттарын окутуунун кыска мөөнөттүү курстарын жана кетер алдында алдын ала даярдоону уюштуруу боюнча 10 борбор түзүүнү пландаштырууда

Министрлик менен Бавариядан келген делегациянын ортосунда ГФР тарабынан бул 10 борборду керектүү окуу жабдуулары жана кесиптик лабораториялар менен жабдуу маселесин иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Келечекте чет өлкөгө жөнөтүлгөн эмгек кадрларынын тажрыйбасы республика үчүн абдан маанилүү. Анткени кайтып келген жарандар аларды колдонуп, Кыргыз Республикасынын экономикасына салым кошуу үчүн чет өлкөдө алган иш тажрыйбасына жана көндүмдөрүнө ээ болушат.

"Отто-Бок компаниясынын заманбап германиялык технологиясы менен бут протездерин чыгаруу долбоору ишке ашырылган. Калкты иш менен камсыз кылуу тармагында санариптештирүү боюнча бир топ иштер аткарылууда. Жакында ГФР Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин ортосунда Германиянын аймагында КР жарандарынын миграциясы жана иштөө маселелери боюнча Меморандумга кол коюлду.

Албетте, биз социалдык кепилдик пакетин берүү менен Германияда кыргызстандыктарды убактылуу квалификациялуу жумуш орундарына ишке орноштуруу аркылуу ар кандай чөйрөдөгү адистердин потенциалын жогорулатууга кызыкдарбыз. Германиянын тажрыйбасы биз үчүн маанилүү, анын ичинде бизнести өнүктүрүү үчүн инновациялык технологияларды колдонуу тажрыйбасы. Биринчи кезекте жаңыдан баштаган жеке ишкерлердин - социалдык контракттын катышуучуларынын деңгээлинде", - деп белгиледи Кудайберген Базарбаев.

Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын соода-экономикалык тармакта кызматташуу мүмкүндүгү бар экени, аны кеңейтүү зарылдыгы айтылды. Негизги багыттар буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин жолугушуусунда белгиленген .Парламенттин өкүлдөрү Германия Кыргызстан менен кызматташууга, анын ичинде адистерди тартууга кызыкдар экенин баса белгилешти.

Статс-катчы Роланд Вайгерттин айтымында, ал кайтып келгенден кийин дароо бардык тиешелүү министрлер менен талкууланган маселелерди баяндап берип, иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр болорун айтты. Ошондой эле министр Кудайберген Базарбаевди жумушчу сапар менен Баварияга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий