• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЖКККББ: Дем алыш күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда дем алыш күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, айрыкча, Бишкек-Кордой жана Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолдоруна кайгуул күзөттөрү күчөтүлүп, мас абалында унаа башкаркандарга, ылдамдыкты ашырып айдагандарга жана каршы тилкеге чыгуу менен одоно жол эрежелерин бузгандарга карата каттуу чаралар көрүлүүдө.

Ошондой эле дем алыш күндөрү тоого чыккан жарандардын агымы көп болгондуктан, эс алуу учурунда ичип алып унаа башкаруусуна жол бербөө иретинде ЖКККББнын кызматкерлери Бишкектин чет жакаларында рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий