• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Маданият министрлиги: Кыргызстанда TikTok'ту жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок

Коом 0

Бишкек, 31.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда TikTok'ту жабуу чечиминде эч кандай геосаясий өңүт жок. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул чара балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган.

"ТикТок социалдык тармагында балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн чектеген функция жок. Ошондой эле анда тиркемедеги маалыматка кирүү учурунда колдонуучулардын жаш категориясын көзөмөлдөө функцияларын камсыз кылуу каралган эмес.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жолдонгон көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен, министрлик Кыргыз Республикасынын аймагында TikTok кызматын токтотуу чечимин кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий