• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте сугат мезгили башталды

Коом 0

Бишкек, 29.03.23./Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунда сугат мезгили башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, быйыл кыртышта нымдуулукту мүмкүн болушунча көбүрөөк сактоо үчүн сугаруу эрте башталды.

"Таңдан тарта “Асанбай” жана “Мураталы” каналдарынан арыктарга суу коё берилди. Учурда Д.Асанов атындагы Жеңиш паркы сугарылууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин борбордо сугат мезгили 1-апрелде башталып келген.

Пикир

Оставить комментарий