• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштери жанданды

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштери жанданды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөдө учурда жээк таштарды жана арыктарды орнотуу иштери жүрүүдө.

Эске салсак, буга чейин тротуарды оңдоо учурунда телефон жана интернет зымдарын жер астына коюу чечими кабыл алынган.

Аталган жол тилкенин узундугу 3800 чарчы метрди түзөт. Ондоо иштерин "Технотоп" ЖЧКсы жүргүзүп, сугат түтүктөрүн алмаштыруу иштерин аяктады.

Пикир

Оставить комментарий