• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өлкөнүн туристтик потенциалын жогорулатууга багытталган жаңы “Даамдуу live” теледолбоорунун бет ачары өтөт

Коом 0


Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Эртең, 1-июнда Бишкектеги Novotel мейманканасында "Кабар" КУМАнын колдоосу менен Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатууга багытталган “Даамдуу live” долбоорунун бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында долбоордун негиздөөчүсү Назик Чоноева билдирди.

Анын айтымында, долбоор Кыргызстандын жакшы жактарын – өлкө кандай кооз, эли кандай ынтымактуу экенин көрсөтүү үчүн түзүлгөн жана туризмди өнүктүрүүгө салым кошо ала турган контент болуп саналат.

“Бул алгачкы ата-мекендик саякат-шоу болуп саналат. Саякат-шоунунун режиссеру Казакстандык жаш режиссер Камилла Абделдинов жана алып баруучусу белгилүү блогер Азамат Ногойбаев. Долбоор негизинен Кыргызстандын аймактарын камтып, андагы туризмди өнүктүрүүнү көздөйт”, - деди ал.

Долбоор Чоноева бирге жетекчилик кылган жеке компаниянын каржылык колдоосу менен тартылууда.

“Даамдуу live” долбоорунун алып баруучусу, блогер Адилет Ногойбаев белгилегендей, ар бир чыгарылыш ар түрдүү болот, тамакты ал коноктор менен биргеликте даярдайт.

Ал ошондой эле долбоор үчүн команда Казакстандан режиссер Камилла Абделдинованы тартканын кошумчалады. Режиссёр өзү да долбоор тууралуу жакшы сөздөрдү айтып, долбоорду 1-июнда Youtube`дагы Номарт Арт Азия каналынан саат 20:00дө көрүүгө болоорун баса белгиледи.

“Долбоордун негизги милдети салкын жана кызыктуу шоу түзүү болгон, берүүдө бул даректүү тасма, саякат, реалити жана фуд-блог. Пандемия маалында, карантин учурунда адамдар тамакты көбүрөөк жасай башташты, башкача айтканда, ар бирибиз бир аз сынчы болуп калдык, эмнеге шоу жаратууга болбосун деп ойлодук”, - деди Абделдинова.

Продюсер Назик Чоноева биринчи серия КТРК телеканалында көрсөтүлөрүн, убакыттын өтүшү менен өлкөнүн бардык телеканалдарынан көрсөтүү пландалып жатканын кошумчалады.

"Биз ошондой эле биздин долбоордун маалыматтык колдоосу үчүн "Кабар" маалымат агенттигине ыраазычылык билдиргибиз келет", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий