• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда көп аял алууну пропагандалоо үчүн административдик жаза киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Өзбекстанда эки же андан көп аял менен жашоону пропагандалаган жана эркектер менен аялдар бирдей укуктарга ээ экенин ачык четке каккан адамдар административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары жактырганын өзбек парламентинин басма сөз кызматы билдирди.

Документте мындан тышкары улутуна, расасына жана динине карап жарандын артыкчылыгын же кемчилигин пропагандалоо үчүн да жоопкерчилик киргизүү каралган. Ошондой эле никесин мыйзамдык тартипте каттабаган жуптарга нике кыйгандарды жана коомдук жайларда инсанды таанууга тоскоолдук кылган кийимдерди кийгендерди да административдик жазага тартуу сунушу жазылган. Бирок долбоордо бул аракеттер үчүн кандай административдик жоопкерчилик киргизилери так жазылган эмес.

Төмөнкү палатасынын басма сөз кызматы документте көрсөтүлгөн жоопкерчилик чаралары Франция, Австрия, Дания, Бельгия, Болгария, Швейцария, Түркия, Марокко, Казакстан, Индия жана Индонезия сыяктуу өлкөлөрдө колдонулары белгиленген.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы улуттар аралык ынтымакты мындан да бекемдөөгө, диний толеранттуулукка жана аялдар менен балдардын укуктарынын ишенимдүү корголушуна шарт түзөрүн белгилешти.

Төмөнкү палатанын депутаттары экинчи окууда кабыл алган мыйзам долбоору эми Сенат жактырып, президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий