• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сеулда ТИМдер ортосундагы биринчи кыргыз-корей кеңешмелери өттү

Саясат 0

Бишкек, 05.09.23./Кабар/. Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кыргыз-корей кеңешмелеринин биринчи жыйыны болуп өттү.

КР ТИМден кабарлашканлай, дипломаттардын жолугушуусу 2023-жылдын 5-сентябрында Сеул шаарында өткөн.

Аталган кеңешмелер эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин тиешелүү департаменттеринин деңгээлинде өттү.

Кыргыз тарапты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2-саясий департаментинин директору Медер Абакиров, корей тарабын Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа өлкөлөрү департаментинин башкы директору Чой Тэ Хо жетектешти.

Биринчи кыргыз-корей ТИМ аралык кеңешмелери Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2022-жылдын октябрында Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган Кыргыз Республикасынын ТИМи менен Корея Республикасынын ТИМинин ортосундагы 2024-жылга чейинки кызматташтык программасын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп өттү

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар кыргыз-корей мамилелеринин кеңири спектрин, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары бекемдөө боюнча чараларды талкуулашты.

Жолугушууда өзгөчө көңүл жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар менен алмашууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты күчөтүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө, ошондой эле Корея Республикасынын Өкмөтүнүн Өнүктүрүү боюнча расмий жардам (ODA) программасынын алкагында гранттык жана техникалык долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүнө бурулду.

Тейлеген департамент башчылары тышкы саясат башчыларынын деңгээлинде "Борбордук Азия - Корея Республикасы" кызматташтык форумунун алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындан тышкары, ТИМ аралык консультациялардын алкагында 2-саясий Департаменттин директору М.Абакиров Кореянын тышкы иштер министрлигинин климаттык дипломатия бөлүмүнүн директору Чо Енджунг менен эки тараптуу жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө тараптар экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү жаатында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнү талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий