• 88.68
  • 95
  • 0.95

Новосибирскте китеп фестивалынын алкагында "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Новосибирск шаарында "Книжная Сибирь-2023" регионалдык китеп фестивалынын алкагында "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" борбору ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган борбор улуу жазуучунун 95 жылдыгына арналып, Новосибирск облусунун мамлекеттик библиотекасы менен биргеликте Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан ачылды. Анын максаты Айматовдун чыгармачыл мурастарын жана гуманисттик идеяларын жайылтуу болуп саналат.

Борбордо жазуучунун чыгармалары, балдар адабияты кыргыз тилинде жана "Манас" эпосунун китептери көрсөтүлгөн. Борбордун ишинин алкагында Кыргызстандын тарыхы менен маданияты жөнүндө ачык сабактар, өткөрүлөт, кыргыз көркөм тасмалары көрсөтүлөт, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү, чыгармачыл жолугуушулар жана башкалар уюштурулат.

Борбордун ачылышында "Ч.Айматов атындагы Иссык-Көль эл аралык форуму" коомдук уюмунун вице-президенти Д.Жумабаева, Новосибирск шаарынын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, илимий жана адабий коомунун өкүлдөрү жана Новосибирск шаарындагы кыргыз, татар, өзбек, азербайджан жана тажик диаспораларынын активдүү өкүлдөрү катышты.

"Чынгыз Айтматовдун дүйнөсү" борборунун ачылышына көмөктөшкөндүгү жана салым кошкондугу үчүн Новосибирск облусунун мамлекеттик библиотекасынын директору С.Тарасовага Ч.Айтматов атындагы медаль тапшырылды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Новосибирск облусунун мамлекеттик библиотекасына Ч.Айматовдун китептери берилди.

Пикир

Оставить комментарий