• 88.68
  • 95
  • 0.95

2024-жылы геологиялык чалгындоо жумуштарына 1 млрд сом бөлүнөт — Акылбек Жапаров

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. 2024-жылга карата геологиялык чалгындоо жумуштарына 1 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан II Элдик курултайдын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров геологдордун маалыматына таянып, Ак-Түз, Борду, Күжү-Сай-1, Күжү-Сай-2 жана Кызыл-Омполдо сейрек кездешүүчү заттар көп көлөмдө бар экенин белгиледи.

"Биз кийинки жылы чалгындоо иштерин күчөтөбүз. Бул үчүн бюджеттен 1 млрд сом бөлүнөт. Бул сейрек кездешүүчү заттарды өзүбүз иштетүүгө каражат салабыз", - деди ал.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий