• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элдик курултайдын делегаты туу маселесин көтөрүп, катышуучулар уу-дуу болушту

Курултай 0


Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Делегат Асанбек Абдыкапаров туу маселесин көтөрүп, залда отургандар уу-дуу болушту.

"Туу жөнүндө 1-2 ооз сөз айтып коеюн. Туу кабыл алынган жылдан бери ар кандай талкуулар болуп келет. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш жакшылап изилдеп, туу чечим кабыл алат деген ишенимдемин", - деди делегат.

Белгилей кетсек, өлкөнүн мамлекеттик символикаларынын бири болгон мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушталган. Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрда "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий