• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун I окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Демилгечилердин бири, депутат Улан Примов мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын желегин жакшыртууга багытталганын белгиледи. Тагыраагы, туудагы айрым элементтерге тактоо киргизип, өзгөртүү сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурларынын жаңы эскизин даярдоодо бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгуучу авторлор тартылган, алар менен математикалык эсептөөлөр, чиймелер жана коштоочу иштер жүргүзүлгөн. Авторлордун бири Жусуп Матаев түп нускасындагы версиясы өзгөртүлүп, алгач күндүн нурларына так окшош форма сунушталганын белгиледи.

“Мыйзам долбоорунун кабыл аланышы менен туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык документтер жана башка керектүү жабдыктар дароо эмес, этабы менен алмаштырылат”, - деди У.Примов.

Талкуу учурунда депутат Акбөкөн Таштанбеков мыйзамдын күчүнө кириши менен жарандык документтерди, унаалардын мамлекеттик номерлерин алмаштыруу зарылдыгы жараларын айтып, жарандарды убарагерчиликке алып келбейби деген суроо салды.

Демилгечилердин бири Нурланбек Шакиев биринчи кезекте Кыргызстанын чет мамлекеттеги элчиликтеринде, эл аралык уюмдарда жана өлкө ичиндеги мамлекеттик мекемелерде гана илинген туулар өзгөрөрүн белгилеп, бул ашыкча каражатты талап кылбай тургандыгын айтты.

Депутат Максатбек Сарбагышев мамлекеттик символдордун бири болгон туунун авторлоруна кайрылып, алардын өзгөрүүгө карата пикирине кызыкты. Туунун авторлорунун бири Жусуп Матаев алгачкы документтерде туудагы күн нурлары тик болгонун, кабыл алуу учурунда толуктоо сунуштары менен өзгөртүлгөнүн кошумчалады. Депутат Миргүл Темирбаева менен Тазабек Икрамов тууну өзгөртүүнүн максатка ылайыктуулугу боюнча маселе көтөрүштү.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Улан Примов бул мыйзам долбоору туунун түп нускасына кайтууну сунуштап жатканын белгиледи. Депутат Арсланбек Малиев желектин айрым элементтерин өзгөртүү боюнча бир катар сунуштарын айтып, мамлекеттик символикага өзгөртүү киргизүү керектигин баса белгиледи. Депутат Акылбек Түмөнбаев мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо керектигин айтып, туу өзгөрбөстүгүн, анын жеке элементи деталдаштырып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий