• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оштун мэри Элдик курултайдын делегаттары менен жолукту

Курултай 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Элдик курултайдын делегаттары менен жолукту, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Жолугушууда калаа башчысы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча аракеттер, алдыда жасалчу жумуштар боюнча маалымат берди.

Мэр жыйындын алкагында делегаттар тарабынан берилген ар бир суроого жооп берип, ой-пикирлерин укту.

Белгилей кетсек, 15-декабрда өтө турган Элдик курултайга Ош шаарынан жалпы 39 делегат шайланган.

Пикир

Оставить комментарий