• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

II Элдик курултай. Кара-Кулжада узундугу 30 км канал куруу зарылдыгы айтылды

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь - курултайдын экинчи күнү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Кара-Кулжа районунан келген делегат Актилек Үтүров аймактагы сугат суу жана таза суунун жетишсиздигинен улам жалпы узундугу 30 чакырымды түзгөн канал куруунун зарылдыгына токтолду.

"Бул көйгөйду чечүү үчүн жалпы узундугу 30 чакырым болгон Буйгапор каналын ишке киргизип берүүңүздөрдү суранабыз. Канал ишке берилсе райондун аймагындагы 5 айыл өкмөттүн суу көйгөйү чечилип, 2 миң га жер сугат суу менен камсыз болот. Муну менен катар элдин жашоо-шарты социалдык жана экономикалык жактан жакшырмак", - деди ал.

Ошондой эле делегат Ылай-Талаа айыл аймагына караган шарты катаал жана тоолуу алыскы Шаркыратма жана Жылкол айылдарына баруучу ички жолдорду Кара-Кулжа №26 Жол тейлөө мекемесинин балансына киргизүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды.

"Мындан тышкары, 12 миң калкы бар ушул айыл аймакка стационардык тез жардам кызматын киргизип берүүнү Саламаттык сактоо министрлигинен сурайбыз", - деген ал өлкөнү өнүгүү жолуна багыттаган КР президентинин командасына ыраазычылык айтып, делегаттарды бул иштерди колдоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий