• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элдик курултай. Этникалык кыргыз президенттен аларды үй менен камсыздоону өтүндү

Курултай 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Тажикстандан келген этникалык кыргыз Манас Сатаров биринчи Элдик курултайда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, этникалык кыргыздарды турак жай менен камсыздоону өтүндү.

Анын айтымында, көптөгөн этникалык кыргыздар жарандык алып, “кайрылман” статусуна ээ болушкан. Аларга белгилүү бир социалдык төлөмдөр жана жеңилдиктер берилиши керек.

“Бирок, алардын көбүнө мындай жардамдар көрсөтүлбөйт”, - деди ал.

Сатаров белгилегендей, мындан тышкары, Баткен облусунун аймагындагы көптөгөн этникалык кыргыздар мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана учурда алар өтө оор абалда.

“Сизден алардын көйгөйлөрүн чечип берүүңүздү же “качкындар” статусун берүүнү өтүнөм”, - деди делегат.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий