• 88.68
  • 95
  • 0.95

II Элдик курултай. Жаратылыш министрлигинин дарегине 40 кайрылуу түшүп, 10у жеринде чечилди

Курултай 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 15-16-декабрь күндөрү өткөн экинчи Элдик курултайдын жүрүшүндө делегаттар өз көйгөйлөрү менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигине кайрылышкан.

Ведомстводон маалымдашкандай, жалпы 40 кайрылуу түшүп, анын 10у жеринде чечилген.

Делегаттар негизинен:

  • саркынды суулардын системаларын жаныртуу;
  • таза суу маселеси;
  • казылып жаткан кендердин токтотулушу;
  • жайыт аянттарынын деградацияга учурашы;
  • Арстанбап, Сары-Челек жаратылыш коруктарынын экологиялык абалы;
  • таштанды жайларынын ачылышы;
  • Ош шаарын газдаштуруу жана Джунда заводуна тазалоочу фильтрлерди орнотуу маселелери боюнча кайрылышкан.

"Министр Мелис Тургунбаев баштаган министрликтин жетекчилиги жана орун басарлар министрликтин атайын бурчунда жарандардын суроолоруна жооп беришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий