• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин борборунда унаа токтотуу жайларга сааттык төлөм киргизилет

Коом 0

Бишкек, 18.12.23./Кабар/. Бишкектин борборунда унаа токтотуу жайларга сааттык төлөм киргизилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 18-декабрдан баштап борбор калаада унаа токтотуучу жайларды уюштурууга заманбап технологияларды киргизүү максатында шаардык унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө электрондук системаны киргизүү боюнча иштер башталат.

Бул иш-чаралар Токтогул - Тыныстанов - Фрунзе - Турусбеков көчөлөрү менен чектелген кварталда тестттик режимде башталат.

Белгилей кетсек, жаңы ыкма Бишкек мэриясынын аймагынан (борбордук аппараттын имаратынын жанында) башталат, ал жерде муниципалдык унаа токтотуучу жай да иштейт.

Пилоттук долбоордун негизги максаты – мобилдик капчыктар жана банктык төлөм системалары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү менен Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан унаа токтотуучу жайлардын иштешинде программалык камсыздоону сыноо болуп саналат.

Борбор калаанын борбордук бөлүгүнө унаалардын агымын тартипке келтирүү, тыгындарды жоюу жана кыскартуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында муниципалитет унаа токтотуучу жайларды зонага бөлүүнү жана бардык муниципалдык унаа токтоочу жайларды жаңы форматта иштөө үчүн электрондук системалар менен жабдууну пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий