• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Акылбек Жапаров Москвада КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарында (Россия Федерациясы) Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров россиялык тарапка, Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге салттуу меймандостугу жана Россиянын борборунда өтүп жаткан жыйындын мазмундуу программасы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сөзүнүн тексти:

“Баарыңыздардын мазмундуу сөздөрүңүз, кызыктуу жана конструктивдүү сунуштарыңыз үчүн ыраазычылык билдирем.

КМШдагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча, анын ичинде Шериктештиктеги төрагалыгыбыздын аякташын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын көз карашын билдиргим келет.

Урматтуу жыйындын катышуучулары

Кыргызстандын КМШдагы төрагалыгынын жыйынтыгын кыскача жыйынтыктап жатып, биринчи кезекте биздин ишибизде негизги басым аймактагы ишенимди жана коопсуздукту чыңдоого, экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле Шериктештиктин ыйгарым укуктарын жогорулатууга багытталганын белгилегим келет.

Жакында эле октябрь, ноябрь айларында Бишкекте Мамлекет башчыларынын саммити, КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана парламенттеринин жыйындары болуп өттү.

Биз бирикменин алкагында өз ара кызматташууга болгон жалпы каалообузду канааттануу менен белгиледик жана КМШнын алкагында терең өнөктөштүк боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баа бердик.

КМШ мейкиндигинде интеграциялык процесстер мезгилдин чакырыктарына толук жооп берээрин белгилегим келет.

Жыл сайын жаңы идеялар жана демилгелер пайда болуп, күн тартиби жаңы багыттар менен толукталып, Шериктештиктин ченемдик укуктук жана программалык базасы дайыма жаңыланып турат.

Экономикалык интеграциянын чөйрөсүн андан ары кеңейтүүгө оң таасирин тийгизүү жана экономиканы өнүктүрүү үчүн кызмат көрсөтүү секторунун маанилүүлүгүн колдонуу үчүн ушул жылдын июнь айында кабыл алган Кызмат көрсөтүүлөрдү, ишканаларды, ишмердүулүктү жана инвестицияларды эркин соодалоо жөнүндөгү макулдашууну активдүү улантуу керек деп эсептейбиз.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн өз ара соодасын кеңейтүү жана аны либералдаштыруу деңгээлин жогорулатуу, КМШ мамлекеттеринин инвестициялык кызматташтыгын жакшыртуу үчүн бардык шарттарды түзүү керек.

Биргелешкен инновациялык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен күч-аракеттер аркылуу гана Шериктештиктин жалпы экономикасында импорттук компоненттерге көз карандылыкты азайта аларыбызды баса белгилегим келет.

Баарына маалым болгондой, жакында эле 2023-жылдын 8-декабрында өткөрүлгөн КМШнын Экономикалык кеңешинин 100 жылдык мааракелик жыйынында бир катар абдан маанилүү чечимдер жана документтер кабыл алынган, алардын бири КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктарды жоюу жана алар боюнча сунуштар.

Чек аралардагы ар кандай тоскоолдуктарды жана текшерүүлөрдү азайтуу, иштеп жаткан транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жаңысын түзүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарыл деп эсептейм.

Кымбаттуу достор

Бул жолку жолугушууда маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегине өзгөчө көңүл буруу боюнча россиялык кесиптештердин сунушу абдан актуалдуу.

Жалпысынан Кыргызстандын 2023-жылы КМШга төрагалык кылуусунун алкагында пландаштырылган маданий-гуманитардык иш-чаралар толугу менен аткарылгандыгын белгилей кетүү жагымдуу.

Шериктештиктин өтүп жаткан жылы өзгөчө бай маданий-гуманитардык күн тартиби менен өзгөчөлөндү, ага биринчи кезекте КМШ Мамлекет башчыларынын 2023-жылды этностор аралык баарлашуу тили катары орус тили жылы деп жарыялоо чечими көмөктөштү.

Бул багытта орус тили мамлекеттердин ортосундагы тыгыз көп кырдуу кызматташтыктын жана КМШ элдеринин ортосунда бекем калыптанган байланыштардын өзгөчө негиздеринин бири экендигин эске алып, мен 2023-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында Орус тили боюнча эл аралык уюмду түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюунун маанилүүлүгүн белгилейм.

Айтмакчы, КМШнын Уставында (3-берене) Шериктештиктин негиздеринин бири “маданий баалуулуктарды сактоо жана маданий кызматташуу жаатында тыгыз кызматташуу” деп айтылат.

Бул багытта биз КМШ мамлекеттеринин элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын сактоого жана жогорулатууга күч-аракетти жумшашыбыз керек.

Биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маданият тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууда тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.

Бул Шериктештиктин мамлекеттеринин ортосундагы маданият аралык диалогдун алкагында кеңири жана тыгыз өз ара аракеттенүү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзөт деп ишенем.

Мындай иш-чаралар белгилүү бир өлкөнүн жана жалпы Шериктештиктин имиджин жогорулатуунун каражаты катары дагы кабыл алынышы керек.

Шериктештиктин Маданият борборун жыл сайын жарыялоо салты жана анын негизинде маданий-гуманитардык иш-чаралардын жаркын, бай жана көп түрдүү палитрасын түзүү анын натыйжалуулугун ырастады.

КМШда ийгиликтүү ишке ашырылган жалпы маданий жетишкендиктерге, албетте, “Витебсктеги Славян базары” эл аралык искусство фестивалы, КМШ мамлекеттеринин оюндары жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” кирет.

Шериктештиктин бардык мамлекеттеринин активдүү катышуусунун аркасында КМШ өлкөлөрү маданий-гуманитардык кызматташтык тармагында олуттуу ийгиликтерге жетише алышты.

Кымбаттуу достор

Төрагалык кылуунун алкагында Кыргыз Республикасы КМШны өнүктүрүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошуу, Шериктештик мейкиндигинде интеграциялык процесстерди тереңдетүү, мүчө мамлекеттердин чечимдерди кабыл алууда жана ишке ашыруу процесстеринде жигердүү тартуу милдетин койду.

Кыргыз Республикасы мындан ары дагы КМШнын алкагында кызматташууну чыңдоого жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ишенимдүү жана достук мамилелерди өнүктүрүүнү жактай берээрине ишендиргим келет.

Сөзүмдүн аягында россиялык досторубузду эстафетаны колго алышы менен куттуктайм жана 2024-жылы төрагалык кызматында ийгилик болсун”.

Пикир

Оставить комментарий