• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Сауд Аравия энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Экономика 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууга Сауд Аравия Падышалыгынын энергетика министринин мунай жана газдын техникалык жана жөнгө салуу маселелери боюнча орун басары Маджид Аль-Утейби, саудиялык «AcwaPower» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Раад Аль-Саади, Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башкы дирекциясынын пландоо жана долбоорлорду колдоо боюнча башкы директору Файсал Аль-Дуайж жана Энергетика министрлигинин эки тараптуу байланыштар боюнча башкы башкармалыгынын башкы директору Акрам Жадави катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мунай, газ жана электрэнергетикасы тармактарында, анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары жана ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду аткаруу, тазалоочу курулуштарды куруу жана бөтөлкөдөгү сууну өндүрүү боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле «AcwaPower» компаниясынын Кыргызстанда күн жана шамал электрстанцияларын куруу боюнча жаңы долбоорлорго катышуусунун келечегин талкуулашты.

Улукбек Марипов Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы мамилелердин өнүгүү динамикасын канааттануу менен белгилеп, өткөн жылда аткарылган иштер жана жетишилген натыйжалар боюнча кеңири сөз кылып, мындан ары өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча ой бөлүштү.

Элчи Марипов падышачылык менен энергетика тармагында байланышты чыңдоо эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары активдештирүүнүн негизги милдеттеринин бири болуп саналат деп белгиледи.

Сауд Аравиясынын мунай жана электрэнергетика тармагындагы, ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу станцияларды куруудагы зор тажрыйбасын эске алып, Кыргызстан бул маанилүү тармактарда мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошону менен бирге ал жашыл долбоорлорду көмүртек кредиттерине алмаштыруу системасы боюнча кызматташуу демилгесин карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде, Сауд Аравиясынын энергетика министринин орун басары Маджид Аль-Утейби элчиге жолугушуу үчүн, ошондой Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы энергетика тармагындагы кызматташтыкты мындан ары арттыруу боюнча айтылган сунуштар үчүн ыраазычылык билдирип, Сауд Аравиясы кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүүгө жана болгон тажрыйба менен бөлүшүүгө жана ошондой эле көмүртектүү кредиттерге жашыл долбоорлорду алмашуу боюнча сунуштарды карап чыгууга даярдыгын билдирди.

Ал биринчи кезекте эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн энергетика тармагындагы кызматташуусу боюнча тиешелүү документтин долбоорун даярдоо жана ага жакынкы сапарларда кол коюу зарылдыгы тууралуу кесиптештеринин жана элчинин пикири менен макул экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогоруда айтылган багыттарда комплекстүү иштерди улантуу жана сунушталган демилгелерди координациялоо үчүн министрлик менен элчиликтин өз ара аракеттенүүсүн активдештирүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий