• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Wildberries аркылуу Кыргызстандан сатылган продукция 4,7 млрд рублга чейин өстү

Экономика 0

Бишкек, 28.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын биринчи кварталында Wildberries`ке 1,7 миң кыргызстандык бренд чыкты. Мунун эсебинен аталган онлайн-аянтчада ата мекендик өндүрүштү сатуунун көлөмү 4,7 млрд реблга жетти. Бул тууралуу соода платформасынын басма сөз кызматы билдирди.

Платформада катталган жергиликтүү ишканалардын жалпы саны 3,3 эсеге көбөйүп, 8 183кө жеткен. Алардын көбү аялдардын жана өспүрүмдөрдүн кийимдери, балдар товарлары жана китептер сегменттеринде пайда болгон.

"Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн тамак-аш продуктылары, интерьер элементтери, тиричилик буюмдары, оюнчуктары, балдар кийимдери, ошондой эле косметика жана парфюмерия продукциялары эң көп суроо-талапка ээ.

Жергиликтүү продукциянын экспортунун көлөмү жылына 4 эсеге өсүүдө. Кыргызстандын товарларына эң чоң суроо-талап Армения (+340%), Беларусь (+271%) жана Россияда (+309%) өстү.

Кыргызстандын динамикалуу өсүү категориясындагы товарларынын ондугу:

  • үй үчүн товарлар (+972%);
  • шторалар жана аксессуарлар (+713%);
  • баш кийимдер (+1000%);
  • оюнчуктар (+682%);
  • идиш-аяк жана инвентарь (+460%);
  • балдар үчүн кийимдер (+470%);
  • обут кийим (+348%);
  • кийим (+314%);
  • колго жасалган буюмдар (+364%);
  • тамак-аш (+107%).

* Wildberries`та 2023-жылдын январь-апрель айларындагы сатуулары боюнча маалымат

Пикир

Оставить комментарий