• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Республикалык бюджетке 2,4 млрд. сом суммасында карыз каражаттар кайтарылды

Экономика 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Республикалык бюджетке 2,4 млрд. сом суммасында карыз каражаттар кайтарылды. Бул тууралуу КР финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарбакер субъекттерден карыз каражаттарды кайтаруунун көлөмү 2 млрд 410,97 млн сомду түздү, анын ичинде негизги карыз – 1 млрд 657,71 млн сом, пайыздар жана айыптар – 753,26 млн сом.

Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарбакер субъекттердин карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн 2018-жылга болжолу 3 млрд 190,84 млн сомду түзөт, анын ичинде негизги карыз – 2 млрд 159,6 млн сом, пайыздар жана айыптар – 1 млрд 31,24 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий