• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы 8 айда 618,5 млн сом унаа салыгын чогултту

Экономика 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. КР Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2018-жылдын январь-август айларында 4-топтогу кыймылдуу мүлк (унаа) салыгы боюнча 618,5 млн сом чогултулган. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 18 млн сомго көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында 1-топтогу кыймылсыз мүлк салыгын (турак үйлөр жана батирлер) чогултуудан бюджетке 69,9 млн сом келип түшүп, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6 млн сомго көп болгон.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 8 айында 796,0 млн сом жер салыгы чогултулуп, өткөн жылдын дегээлинен 52,6 млн сомго көп болгон.
1 жана 4-топтогу мүлк салыгынын белгиленген мөөнөтү аяктагандыгына карабастан, МСК салыктын бул түрлөрү боюнча өз убагында төлөөгө жетишпей калган салык төлөөчүлөрдү азыр төлөөгө чакырат.

Эскерте кетсек, унаа каражаттарына болгон салыкты төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктаса, жер (короо-жай, короо жай алдындагы жана бак-чарба жер участоктору) салыктарын төлөө мөөнөтү 2-сентябрда аяктаган. Үстүбүздөгү жылы дем алыш жана майрам күндөрүнө байланыштуу, салыктын бул түрлөрүн кабыл алуу мөөнөтү 4-сентябрда аяктаган.
Кеңири маалыматты 194 телефон номуру же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий