• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусунда марш өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусунда Бириккен улуттар уюмунун КРнын майыптарынын укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялоону колдоо максатында марш өтүүдө. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын маалыматына караганда, иш-чара бүгүн саат 9:30дан 12:00гө чейин өтөт. Ага 200дөн ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана майыптыгы бар балдардын катышуусу күтүлүүдө.

Маршрут Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынан Чүй проспектин бойлой өчпөс отко чейин.

Пикир

Оставить комментарий