• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын имараттары мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Жасалма документтер аркылуу ээлеп алынган Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын имараттары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Укук, финансы жана бизнести башкаруу эл аралык академиясынын (МАУПФиБ) негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар мамлекеттик имараттарды мыйзамсыз ээлеп алгандыгы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

2003-жылы аталган окуу жайдын негиздөөчүлөрү К.Назарматова жана башкалар документтерди жасалмалашып, Бишкек шаарындагы Белорус көчөсүнүн 6 жана 6а даректериндеги 3 кабаттуу окуу корпусун, 5 кабаттуу жатаканасын жана 1,7 га жер тилкесин алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Ошол убакыттан бери 200 млн сомдон ашуун ижара акысын мамлекетке төлөбөй, мыйзамсыз жогорку окуу жайы катары пайдаланып келишкен.

Башкы прокуратуранын тарабынан келтирилген прокурордук актыларынын негизинде мыйзамсыз жана жасалма документтер жокко чыгарылып, 445 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери улантылууда, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарга тийиштүү юридикалык баа берилет.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан аталган академия КР “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу жогорку окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү лицензиясы токтотулган. Академиянын студенттери башка окуу жайларга которуу маселеси каралууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, прокуратура органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз берилип кеткен мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу багытында 2022-жылы жана 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында 16,9 млрд сомдук мүлктөр жана акча каражаттар кайтарылган, анын ичинде ондогон социалдык объектилер жана башка имараттар бар.

Пикир

Оставить комментарий