• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Юстиция министрлиги: Банктар жеке нотариустардан күрөө жѳнүндѳ келишимдерди күбөлөндүрүүгө макул болду

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Банктар жеке нотариустардан күрөө жѳнүндѳ келишимдерди күбөлөндүрүүгө макул болушту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калктын нотариалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде финансы-насыя уюмдардын өкүлдөрү жана нотариустар менен жолугушуу болуп өттү.

Алсак, бул иш-чарада Нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгынын начальниги тарабынан мамлекеттик нотариалдык кеңселерге барбастан жеке нотариустар менен күрөө келишимин түзүүгө мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери түшүндүрүлүп берилди.

Ошондой эле, мамлекеттик нотариалдык кеңселерде күрөө жѳнүндѳ келишимдерди күбөлөндүрүүдө, күрөөгө коюлган мүлккө тыюу салуунун зарылдыгынын жоктугунун маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Юстиция министрлигинин сунуштары менен макул болушту жана насыя операцияларын жүргүзүүдө жеке нотариустардын кызматын алууга жана мамлекеттик нотариалдык кеңселерге барбоого даяр экендиктерин билдиришти, бул жарандардын, финансы-насыя уюмдардын жана мамлекеттик нотариалдык кеңселердин каражаттарын үнөмдөөгө, ошондой эле мамлекеттик нотариалдык кеңселердеги көптөгөн кезектерди жана көрсөтүлгөн көйгөйлөргө байланыштуу жарандардан келип түшкөн даттанууларды азайтууга мүмкүндүк берет.

Өз кезегинде, буга чейин маалымдалгандай, жеке нотариустар жарандарга жана юридикалык жактарга жардам көрсөтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин төмөндөтүүгө даяр экендигин билдиришти (нотариустардын тизмеси шилтеме аркылуу: http://minjust.gov.kg/ru/content/1544).

Бул жолугушууга төмөнкү финансы-насыя уюмдар катышты:

-ААК «РСК Банк»;

- ААК «Оптима Банк»;

- ААК «Кыргызстан коммерциялык банкы»;

- ЖАК «Банк Азии»;

- ЖАК «Финка Банк»;

- ААК «Банк Бай-Түшүм»;

- ААК «Халык Банк Кыргызстан»;

- ЖАК «Банк Компаньон»;

- ААК «Бакай Банк»;

- ЖАК «Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы».

Эске салсак, Юстиция министрлиги бул маселелерди башка финансы-насыя уюмдары менен биргеликте иштеп чыгууну улантат.

Пикир

Оставить комментарий