• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокурор депутат Абировду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештен макулдук сурады

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Башкы прокуратурага Бишкек шаардык милициясынан Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн материалдар келип түшкөн.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 12-мартта саат 01:46лар чамасында чакыруу боюнча кызматтык милдетин аткаруу үчүн “Золотой Дракон” ресторанына келген коргоо агенттигинин тез аракеттенүү тобунун кызматкерлери А.Ж. жана А.у.А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баш болгон болжол менен 7-8 мас абалындагы адамдар эч бир себепсиз ур-токмокко алып, сабашып, ден соолугуна зыян келтиришкен. Учурда кылмыш иши боюнча А.Д. жана П.Э. кармалышкан.

Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш ишин козгоо үчүн, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

Мындан улам Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Абировго карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (“Адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер”) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди.

Эскерте кетсек, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага "мээнин жабык жаракаты" диагнозу коюлган.

Ошол эле учурда бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.

Бүгүн, 14-мартта депутат Жаныбек Абиров Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирип, кечирим сураган.

Пикир

Оставить комментарий