• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат Абировдун катышуусундагы мушташ боюнча эки шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аталган факты боюнча Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматы тарабынан “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 35 жаштагы П.Э. жана 36 жаштагы А.Д. аттуу жарандар кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан иштин бардык жагдайларын аныктоо жана башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага "мээнин жабык жаракаты" диагнозу коюлган.

Ошол эле учурда бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазган.

Бишкекте катталган мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат президент Садыр Жапаровго берилген. Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Пикир

Оставить комментарий