• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айыл чарба министри Кореянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууга айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда министрлик менен тыгыз кызматташып жаткан Корея эл аралык агенттиги (KOICA) жана Кореянын эл аралык айыл чарба программасы борборунун (KOPIA) директорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев министрликтин негизги приоритеттүү багыты катары суу маселеси (сугат системаларын өнүктүрүү, тамчылатып жана жаадырып суугаруу), өсүмдүк жана мал чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана рынокторго чыгуу (экспорт), ошондой эле Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын ролун баса белгиледи.

"Чакан фермердик чарбаларды кооперативдерге бириктирүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын экспортко чыгаруу максатында 60 долбоордун реестрин түзүү боюнча программасы иштелип чыгат", - деди Төрөбаев.

Элчи эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү менен жогоруда аталган багыттары менен иш алып барууга даяр экендигин ырастады.

Пикир

Оставить комментарий