• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Чек ара кызматы Чүйдөгү айланма жолдун боюна тосмо орнотулушуна байланыштуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 06.05.23./Кабар/. Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы Казакстанга караштуу 800 метр узундуктагы транзиттик тилкеде казак тарап инженердик тосмолорду орнотуп жатат. Бул тууралуу КР УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт.

Билдирүүдө айтылгандай, буга чейин транзиттик жолдун бул тилкесинде казак тарап спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан.

"Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн Казакстандын аймагындагы "Азия" жана "Достык" май куюучу станцияларына жол жабык", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Бирок транзиттик жолдогу бул тилке жол жүрүү үчүн ачык бойдон калууда.

"Ушул жылдын 4-майында Казакстандын УКК Чек ара кызматынын чек арачылары кыргыз тарап менен макулдашкандан кийин өз аймагындагы бул жолдун ачык тилкелеринде инженердик тосмолорду орното башташкан.

Кыргызстандын аймагынан транзиттик жолго кире бериштин эки тарабында тең кошумча жол белгилери, транзиттик жолдон өтүү жөнүндөгү эрежелери менен маалымат такталары орнотулган", - деп айтылат маалыматта.

КР УКМК Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын транзиттик жолдон өтүү эрежелерин сактоого чакырат.

Тактап айтканда:

  • токтобой өтүүгө;
  • адамдарды отургузбоого/түшүрбөөгө;
  • жүктөрдү жана башка мүлктөрдү түшүрбөөгө/жүктөбөөгө.

Транзиттик жолдон өтүү эрежелерин бузган учурларда Казакстандын УКК ЧКнын чек арачылары тарабынан Казакстан Республикасынын мыйзам чегинде административдик айып пул салынат.


Белгилей кетсек, учурда социалдык тармакта тараган видео колдонуучулар арасында кызуу талкуу жаратууда. Анда казак чек арачылары тарабынан Кыргызстандын аймагында зым тосмо орнотулуп жаткандыгы айтылат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы аткарылып жаткан жумуштар боюнча кабары бар экендигин жана Казакстандын УКК Чек ара кызматынын чек арачылары кыргыз тарап менен макулдашкандан кийин өз аймагындагы бул жолдун ачык тилкелеринде инженердик тосмолорду орното башташкандыгын дагы бир жолу баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий