• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боинга 747 учагынын кырсыгында адамдарды куткарган аэропорт кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунун үстүбүздөгү жылдын 16-январындагы авиа кырсыктын кесепетин жоюуга катышкан кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Боинга 747 учагынын кырсыгында адамдарды куткарууда көрсөткөн кесипкөйлүгү, ошондой эле катастрофанын кесепеттерин жоюуга катышкандыгы үчүн, “МЭА” ААКнын 227 кызматкери жетекчилик тарабынан акчалай сыйлыктар жана ыраазычлык каты менен сыйланышты. Аэропорттун администрациясы кырсыктан кийин ирээтке келтирүүнү шарттаган өз алдынча чечкиндүү аракеттери үчүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, «Боинг-747» жүк учагы 2017-жылдын 16-январында эртең менен аэропортко жакын Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача СУ айылына кулаган. Кырсыкта үйлөрүн учак басып калган жашоочулар курман болушкан. Жалпысынан, экипаждын 4 мүчөсүн кошкондо, 39 адам каза тапкан.

Пикир

Оставить комментарий